Тоң районундагы аквакультура жана балык чарбасы боюнча аймактык борбордун курулушу бүтүп, ачылышка даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суулар ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.
Министрликтин Суулар ресурстары боюнча Департаментинин жетекчилиги жана адистери Корея Республикасынын Корей деңиз институтунун директору Джо Джонхи жана ошол институттун өкүлдөрү менен жолугушушту.
Жолугушууда борбордун курулушун бүтүрүү, расмий ачылышка даярдануу жана керектүү документтерди мыйзам чегинде толуктап берүү маселелери каралды.
Бардык техникалык жана укуктук талаптар аткарылгандан кийин объектти кабыл алуу иштери башталат.















