Бир нече жыл мурун Ала-Арчага саякат көпчүлүктө шашлык, пикник жана дем алыш күндөрдөн кийинки таштанды тоолору менен байланышкан. Бүгүн болсо башка көрүнүш: бензин кыймылдаткычтуу унаалар киргизилбейт, туристтер электромобилдерге отурушат, асма жол менен тоого көтөрүлүп, жөө саякаттарга чыгышат.

Табигый парк кыргызстандыктардын гана эмес, чет элдик коноктордун да көңүлүн буруп, барган сайын популярдуу болууда. 24.kg журналисттери Ала-Арчада болуп, өлкөнүн эң белгилүү жаратылыш жайларынын бири кандай өзгөрүп жатканын, канча киреше таап жатканын жана кандай жаңы объектилер пайда болорун билишти.
Кирүү акысы 880 сом: кымбатпы же пайдалуубу?
Парктын кире беришиндеги коноктордун бири электромобиль менен кирүү үчүн 880 сом төлөө керектигин угуп, мындай суммага таң калып, аны жогору деп эсептеген.
«Ала-Арча» мамлекеттик табигый паркынын директору Кубанычбек Жекшенбеков тариф бир унаанын салонундагы жүргүнчүлөрдүн санын эске алуу менен эсептелгенин жана натыйжада жеке төлөөгө караганда пайдалуураак болушу мүмкүн экенин түшүндүрдү.
Анын айтымында, эгер коноктор унаасыз келишсе, ар бир чоң киши 250 сом, алты жаштан жогорку балдар 180 сом төлөшөт. Бул учурда парктын ички транспортунда жүрүү алар үчүн акысыз. Электромобиль менен кирүү үчүн 880 сом белгиленген.
Парктын маалыматы боюнча, акыркы тогуз айда Ала-Арчага 715 миң адам келген, бул туризмдин өсүшүн тастыктайт.
Кирүү акысы


















