Заманбап эң жогорку жетишкендиктер спортунда олимпиадалык медалдарды утуп алуу үчүн спорттук медицина жана фармакология биринчи орунга чыгат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Нурсултан Курманалы уулу билдирди.

Анын айтымында, муну алдыңкы жана коңшу өлкөлөр далилдеп турат.

Тилекке каршы, Советтер Союзу тарагандан кийин Кыргызстанда спорттук медицина такыр өнүккөн эмес. Азыр бул приоритетте. Алдыбызда чоң милдеттер турат, анын ичинде ири заманбап медициналык комплекстерди түзүү. Алар курулуп жатат. 2027-жылы «Мурок» спорттук-медициналык комплекси жана Караколдогу комплекс пайдаланууга берилет. Эгер мунун баары ишке кирсе, биздин спортчулар олимпиада оюндарында алтын медалдарды алышат деп ойлойм.
Нурсултан Курманалы уулу, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары

Ал ошондой эле ата мекендик спортчулардын медалдарын «баары эчак эле күтүп калганын» моюндады.

Дүйнөлүк спорт жетимиш кадам менен алдыга жылып жатат. Алдыңкы спорттук державаларды кууп жетүү үчүн бизге комплекстүү чечим керек — спорттук медицина, фармакология, ошондой эле улуттук федерациялардын эл аралык деңгээлдеги салмагы жана кадыр-баркы. Кээде жеке байланыштар чүчүкулак тартууда бир нерсени чечиши мүмкүн. Албетте, каржылоо да болушу керек. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан окуу-машыгуу жыйындары республиканын аймагында да, чет өлкөдө да толук каржыланат. Жылына 365 күн биздин алдыңкы спортчулар мамлекеттик камсыздоодо турушат. Бирок, көрсө, мунун баары жетишсиз экен. Күчтүү спорттук медицина керек.
Нурсултан Курманалы уулунун кошумча пикири

Нурсултан Курманалы уулу допингге каршы көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын да белгиледи.