Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгү жаңжал аймактарынан кайтарылган жарандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү чараларын талкуулашты. Бул тууралуу министр Аскарбек Имангазиев менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Самман Тапанын жолугушуусунда сөз болду.
Тараптар психологиялык жардам көрсөтүү, социалдык кызматкерлерди даярдоо жана балдардын медициналык, билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча конкреттүү кадамдарды карашты.
Жолугушууда ЮНИСЕФтин эксперттерин психологдорго болгон муктаждыкты баалоого, адистер үчүн насаатчылык программасын иштеп чыгууга жана мамлекеттик мекемелердин өз ара аракетин жакшыртууга тартуу мүмкүнчүлүгү каралды. Ошондой эле социалдык кызматкерлер жана репатриацияланган үй-бүлөлөр үчүн окутуу иш-чараларын уюштуруу пландалууда.
Мындан тышкары, тараптар аймактарга биргелешкен сапарларды талкуулашты. Бул сапарлардын жүрүшүндө кайтып келген үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттарын баалоо, алардын муктаждыктарын аныктоо жана социалдык, медициналык, билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгүн текшерүү пландалууда.
Министр ошондой эле иштин жыйынтыгын чыгаруу, келип чыккан көйгөйлөрдү талкуулоо жана мындан аркы колдоо чараларын аныктоо үчүн ведомстволор аралык жолугушууларды өткөрүүнү сунуштады.
2021-жылдан 2025-жылга чейин Кыргызстанга Ирак менен Сириядан 551 жаран кайтарылган. 2021-жылы «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан 79 бала алып келинген. 2022–2024-жылдары операциянын алты этабы өткөрүлгөн.
Кайтарылган жарандар (2021–2025)



















