президента Садыр Жапаровдун тушунда Кыргызстанда спортту өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулууда: жакшы каржылоо бөлүнүп, спорттук объектилер курулууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Урмат Асанбаев «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында билдирди.

Эгер спортчуларга жакшы каржылоо болсо, жакшы натыйжалар да болот. Спортчулар Кыргызстандын чегинен тышкары эл аралык окуу-машыгуу жыйындарына жана мелдештерге чыгып, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүшү керек, үйдө отурбай.
Урмат Асанбаев, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору

Анын айтымында, спортчулар жакшы натыйжаларды көрсөтүп жатышат, бирок көп нерсе каржылоого байланыштуу.