Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Нурсултан Курманалы уулу «Биринчи радионун» эфиринде жаракат алган спортчуларды колдоо боюнча мыйзамдык базаны түзүү зарылдыгын билдирди.

Бизге парламент депутаттарынан жана коомчулуктан көптөгөн кайрылуулар келип түштү. Талдоо учурунда да ушундай муктаждык пайда болду. Ошондуктан спортчуну калыбына келүү мезгилинде кантип коргоо керектигин иштеп жатабыз. Азыр спортчу жаракат алса, улуттук курамадан чыгып, эч нерсесиз калат. Жок дегенде төрт жылга спортчуну социалдык жактан коргогубуз келет. Бул стипендия жана камсыздандыруу төлөмдөрүн камтыйт.
Нурсултан Курманалы уулу, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги директорунун орун басары

Анын айтымында, учурда Министрлер кабинетинин алдыңкы спортчуларга стипендиялар жөнүндө жаңы токтомунун долбоору иштелип жатат.

Ошондой эле спортчулардын эмгек стажын эсептөө маселеси да каралган. 2025-жылы бул багытта иштер башталган.

Мурда улуттук курама командаларда болгон спортчуларыбыз спорттук карьерасын аяктагандан кийин көбүнчө эмгек ишмердүүлүгүнөн четте калышчу. Адатта, спортчулар 28-30 жашында карьерасын аякташат, ал эми эмгек стажы жок болгондуктан жумушка орношуу кыйын болчу. Ошондуктан мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.
Нурсултан Курманалы уулу

Мыйзамдык өзгөртүүлөр спортчулардын карьерасы аяктагандан кийин да социалдык коргоону камсыз кылууга багытталган.