Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Нурсултан Курманалы уулу «Биринчи радионун» эфиринде 2030-жылга чейин ар бир шаардык кичирайондордо жана айылдарда көчө тренажерлору жана универсалдуу спорт аянтчалары орнотуларын билдирди. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жазды.

Анын айтымында, калкты активдүү жашоо образына тартуу — абдан актуалдуу маселе.

Биз изилдөө жүргүзүп, адамдардын психологиясын изилдеп, коңшу жана батыш өлкөлөрүнүн тажрыйбасы менен тааныштык. Көчөлөргө спорттук тренажерлорду орнотуу — адамдарды дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуунун эң мыкты ыкмасы. Эгерде биз супер заманбап спорт залдарын курган күндө да, жөнөкөй үй кожойкеси же улгайган адам ал жакка барбайт — аларда ички тоскоолдук болот. Ал эми адам көчөгө чыгып, базарга же дүкөнгө бара жатып, көчөдөгү спорт аянтчасын көрсө, анда анын кызыгуусу пайда болот. Бир нече жолу машыккандан кийин адамда ички ишеним пайда болуп, андан соң ал профессионалдык спорт залына барат.
Нурсултан Курманалы уулу, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары

Программанын алкагында

Эске салсак, Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасы бекитилген.

Спорттук инфраструктуранын тартыштыгын азайтуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына спорттук объектилерге болгон муктаждыкты, анын ичинде айыл аймактарында, төмөндөгү курулуштар аркылуу кыскартуу боюнча чараларды көрүү сунушталат:

  • спорттук ядролор түрүндөгү аз бюджеттик тегиздик спорт курулмалары (ачык футбол талаалары, баскетбол жана волейбол үчүн аралаш аянтчалар, гимнастикалык аянтчалар, ж.б.)
  • көчө тренажерлору менен жабдылган универсалдуу спорт аянтчалары
  • айыл жериндеги спорттук объектилерге болгон муктаждыкты эске алган жөнөкөй жана арзан баадагы курулмалар

Бул чаралар өлкөнүн бардык аймактарында спорттук инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.