Анталья шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясынын (COP31) алкагында Кыргызстандын павильонунда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жаштар демилгелерине арналган сайд-ивент өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Тоолордон шаарларга чейин
«Тоолордон шаарларга чейин: Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жаштар демилгелери» деген темадагы иш-чара Кыргызстандын Маданият министрлигинин катышуусунда ишке ашты. Талкуу учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынкүл Мурзакимова, Түркиянын Жаштар жана спорт министрлигинин, Өзбекстандын Жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, ошондой эле Борбордук Азия жана Түркия өлкөлөрүнөн келген жаш активисттер катышты.
Катышуучулар жаштарды климаттык күн тартибине тартуу, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө катыштыруу жана туруктуу келечекти калыптандыруу маселелерин карашты. Кыргыз тарап улуттук жана регионалдык деңгээлде жаш муунду климаттык жана экологиялык маселелерди чечүүгө тартуу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди.
Жаштарды келечекке чакыруу
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга 2027-жылы экинчи глобалдык тоо саммити «Бишкек+25» алкагында өтө турган Дүйнөлүк тоо жаштарынын фестивалы жөнүндө айтылып, ага катышууга чакырык жасалды.
Панелдик сессияда Борбордук Азия жана Түркия өлкөлөрүнүн жаш активисттери өз мамлекеттериндеги тажрыйба менен бөлүшүп, климаттык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча өз демилгелерин сунушташты.






















