Бишкек шаарындагы Мичурин көчөсүндө жайгашкан 16 кабаттуу турак жай комплексинин курулушуна текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында үч блоктон турган бул объектте эки жер астындагы кабаттар (−2 деңгээли) толук бүтө электе батирлерди сатуу жана аларды жарнамалоо жүргүзүлгөнү белгиленди.
Мыйзам талаптарына ылайык, фундамент куюлуп, имараттын жер астындагы бөлүгү бүткөнчө, тактап айтканда, нөлүнчү цикл аяктаганга чейин турак жайларды сатууга жана жарандардын каражаттарын долевой курулушка тартууга тыюу салынган.
200 000 сом айып пул
«Монолит Строй» ЖЧКсына салынган административдик айып пул
Текшерүүдөн кийин «Монолит Строй» ЖЧКсына карата чаралар көрүлдү. Компаниянын лицензиясынын иштеши жана объекттеги курулуш иштери нарушенияларды жоюганга чейин токтотулду.











