20-ноябрь күнү күн ичинде Бишкектин Исакеев көчөсүндө адамдардын чогулуп калганы жарандар тарабынан байкалган. Күбөлөрдүн айтымында, жыйналган адамдардын арасында милиция кызматкерлери жана муниципалдык инспекция өкүлдөрү да болгон.
Милициянын патрулдук кызматы (УПСМ) бул иш-чара борбордук мэрия менен биргеликте өткөрүлгөн масштабдуу рейд экенин билдирди.
УПСМдин маалыматына ылайык, бул аймакта мурда автоунаа сатуу жүргүзүлгөн, бирок ал жерди пайдалануу боюнча келишимдин мөөнөтү аяктаган. Ошол себептүү сатуучуларга унааларын жаңы автобазардын аймагына же транспорт каражаттарын сатуу үчүн атайын бөлүнгөн башка жерлерге которуу сунушталган.
Бул чаралар аймакты бошотуу, жарандардын эркин жүрүшүн камсыз кылуу жана жакын жактагы үйлөрдө жашаган адамдарга ыңгайсыздык жаратпоо максатында жасалган.
Рейддин алкагында патрулдук кызмат кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен алектенишкен. Аймакты мыйзамсыз ээлеп, тоскоолдук жараткан транспорт каражаттары белгиленген тартипте эвакуацияланат. Мыйзам бузуучуларга карата мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт, - деп кошумчалады ведомство.












