Түркия Республикасынын Анталия шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 31-конференциясы (COP31) башталды. Иш-чара 2026-жылдын 9-ноябрынан 20-ноябрына чейин ушул шаарда өтөт.
Бул эл аралык климаттык аянтчага дүйнөнүн 190дан ашык өлкөсүнүн өкүлдөрү, мамлекет жана өкмөт башчылары, министрлер, эл аралык уюмдардын жетекчилери, финансы институттарынын, бизнестин, илим коомчулугунун жана жарандык коомдун өкүлдөрү чогулушу күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев жогорку деңгээлдеги расмий пленардык сессияга катышты.
Конференциянын негизги максаттары
COP31 — бул глобалдык климаттык күн тартибин талкуулоо, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы туруу боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү майдан болуп саналат.
- Париж келишимин ишке ашыруу
- Парниктүү газдардын бөлүнүп чыгышын азайтуу
- Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу
- Климаттык каржылоону мобилизациялоо
- Жаңыртылуучу энергияны өнүктүрүү
- Эң аялуу өлкөлөрдүн жана региондордун туруктуулугун жогорулатуу
Кыргызстан үчүн стратегиялык маани
Бийик тоолуу өлкө болуп саналган Кыргыз Республикасы үчүн климаттын өзгөрүшү өзгөчө стратегиялык мааниге ээ. Анткени климаттык өзгөрүүлөр мөңгүлөргө, тоолуу экосистемаларга, айыл чарбасына жана инфраструктуранын туруктуулугуна түздөн-түз таасир этүүдө.
Мөңгүлөрдүн эриши, жаан-чачын режиминин өзгөрүшү, сел жана суу ташкындары сыяктуу кооптуу кубулуштардын тез-тез болуп турушу өлкөнүн экологиялык абалына түздөн-түз таасир этет.














