2026-жылдын 19-ноябрында «Баластан» №181 бала бакчасынын базасында борбор шаардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары үчүн атайын семинар-практикум уюштурулду. Иш-чара «Мектепке чейинки билим берүү уюмундагы педагогдун кесиптик ишмердүүлүгү» деген темада өттү.
Семинардын негизги максаты — билим берүү системасындагы заманбап өзгөрүүлөрдүн шарттарында тарбиячылардын кесиптик компетенттүүлүгүн жана педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүү. Ошондой эле, инклюзивдик ыкмаларды өздөштүрүү, кесиптик-этикалык нормаларды сактоо жана билим берүү процессине улуттук баалуулуктарды киргизүү маселелери каралды.
Иш-чаранын алкагында заманбап тарбиячынын кесиптик ишмердүүлүгүнүн үч негизги багыты талкууланды. Өзгөчө көңүл педагогдордун өз ишмердүүлүгүн талдоо жана баалоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоонун жана окутуунун натыйжалуу ыкмаларын аныктоого бурулду.
Мындай семинарларды өткөрүү мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, педагогикалык кызматкерлердин потенциалын өнүктүрүүгө жана жаңы муунду улуттук баалуулуктардын негизинде тарбиялоого шарт түзөт.






