Түркиянын Анталия шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Рамочкалык конвенциясынын тараптарынын 31-конференциясы (COP31) өз ишин баштады. Бул иш-чаранын алкагында өткөн лидерлер саммитинин ачылыш аземине Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Иш-чара башталганга чейин Түркиянын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен саламдашуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземи өттү. Андан соң конференцияга катышып жаткан делегациялардын башчылары менен жалпы сүрөткө түшүү уюштурулду.

Бул маанилүү саммитте Кыргызстандын тарабынан бир катар жогорку кызматтуулар да катышууда. Алардын ичинде президенттин тоо темасы боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, Табият ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев бар.

Лидерлер саммитине мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат. Адылбек Касымалиев COP31 конференциясына катышуу үчүн Түркияга жумушчу визит менен келген.