Кыргызстанда жарандарды алдамчылардан коргоо максатында кайрымдуулук чогултуулардын тартибин катаалдаштыруу сунушталып жатат. Алдамчылар балдардын дарылануусу же муктаж болгондорго жардам берүү деген сыяктуу социалдык максаттарды айтып, акча чогуруп, андан кийин аны өз кызыкчылыгы үчүн колдонушат. Бул маселе боюнча «Меценатчылык жана кайрымдуулук ишмердүүлүгү жөнүндө» Мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүчү мыйзам долбоору сунушталды. Бул демилгени депутат Улукбек Карыбек уулу баш инип жатат.

Учурдагы мыйзам 1999-жылы кабыл алынгандыктан, ал социалдык тармактар, банк карталары, электрондук капчыктар жана онлайн-төлөмдөр аркылуу акча чогултуунун заманбап ыкмаларын эске албайт. Ошол себептен жаңы эрежелерди киргизүү зарылчылыгы келип чыккан.

Максаттуу эсептер жана отчеттуулук

Мыйзам долбооруна ылайык, коомдук кайрымдуулук чогултуу, анын уюштуруучусу, мамлекеттик кайрымдуулук порталы жана максаттуу кайрымдуулук эсеби деген түшүнүктөр киргизилет. Чогултулган каражаттар атайын максаттуу эсепте топтолушу керек жана аларды башка муктаждыктар үчүн колдонууга тыюу салынат.

Чогултуу жарыяланган учурда, уюштуруучу анын максатын, керектүү суммасын жана калган каражаттарды колдонуу тартибин көрсөтүүгө милдеттүү болот.

Эгерде юридикалык же жеке жактар бир жыл ичинде эки же андан көп кайрымдуулук чогултууларды уюштурса, алар мамлекеттик кайрымдуулук порталында каттоодон өтүшү керек. Ошондой эле, алар ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча каражаттардын түшүшү жана жумшалышы тууралуу отчетторду жарыялап турууга милдеттүү болушат.