Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) 22-июлдан 31-июлга чейин «Притон» профилактикалык иш-чарасын өткөрүүдө. Бул иш-чара коомдук тартипти камсыз кылуу, сойкулукка байланышкан укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу максатын көздөйт. Ошондой эле, мындай мыйзамсыз аракеттер жүргүзүлүшү мүмкүн болгон батирлер, мейманканалар жана башка жайлар текшерилип жатат.

РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, профилактикалык иш-чаранын алгачкы эки күнүндө Ленин райондук ички иштер башкармалыгына 30 жаран жеткирилген. Алардын онуна карата Укук бузуулар кодексинин 109-2-беренеси («Сойкулук менен алектенүү») боюнча протоколдор түзүлгөн.

Кармалган жарандар боюнча чогултулган материалдар сотко кароого жөнөтүлөт. Милиция кызматкерлери бул алдын алуу иш-чаралары 31-июлга чейин уланарын кошумчалашты.