Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу кампаниясынын алгачкы эки айлампасынын жыйынтыгында 26,4 миңден ашык абитуриент студенттердин катарына кошулду. Бул тууралуу "Абитуриент онлайн" автоматташтырылган маалымат тутумунда жарыяланды.
Кабыл алынган абитуриенттердин саны
Кабыл алынгандардын басымдуу бөлүгү педагогикалык жана гуманитардык адистиктерди, экономика жана каржы, медицина, маалыматтык технологиялар, ошондой эле юриспруденция сыяктуу тармактарды тандашкан.
ЖОЖдорго кабыл алуу кампаниясынын үчүнчү айлампасы 27-июлда башталат. Жалпысынан беш айлампа өткөрүү пландаштырылган.





