Бишкек шаарындагы Ленин районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 1-августта "Попрошайка" жана "Бродяга" деген алдын алуучу рейддер жүргүзүлүүдө.
Бул рейддердин негизги максаты — калкты алдап, акча талап кылган адамдарды аныктоо жана аларды токтотуу. Ошондой эле мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенген жарандарга карата тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Рейд учурунда көчөдө боорукерликтен акча сураган же оор турмуштук абалда калган адамдар табылган учурда, тиешелүү мамлекеттик жана социалдык кызматтар менен биргеликте аларга жардам көрсөтүү иштери жүргүзүлөт.













