Бишкекте милиция үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу багытында каттоодо турган скандалдуу үй-бүлөлөрдү жана аларга коргоо токтому кабыл алынган адамдарды текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.
Улуттук милициянын Ленин райондук бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп жаткан ушул профилактикалык иш-чаралардын максаты — коргоо токтомун бузуп жаткан жарандарды аныктап, мыйзам талаптарына ылайык иш аракетин камсыз кылуу.
Милиция кызматкерлери жарандарды коргоо токтомунун шарттарын так сактоо боюнча эскертүүлөрдү берип, ишенимдүү каттоо аркылуу зомбулукка дуушар болгон үй-бүлөлөрдү коргоо иштерин күчөтүүдө.












