Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) Кувейттеги АКШ армиясынын радиоэлектрондук күрөш бөлүмүн жок кылганын билдирди. Ошондой эле, ирандык аскерлер Иорданиядагы америкалык абадан жана ракетадан коргонуу системаларына сокку урулганын маалымдашты.
ИРСКнын маалыматына ылайык, Аль-Удейри базасына жасалган чабуул «Жеңиш-2» операциясынын 26-толкунунун алкагында ишке ашкан. Иран тарап чабуулдун натыйжасында радиоэлектрондук күрөш боюнча атайын бөлүм жок кылынып, америкалык аскерлер арасында каза болгондор жана жарадар болгондор бар экенин ырастоодо. ИРСК ошондой эле базанын диспетчердик мунарасы да жабыркаганын билдирди. Чет элдик маалымат каражаттарында Аль-Удейри объектиси Кувейттин түндүгүндөгү америкалык аскер лагери болгон Кэмп-Бюринг деп да аталат.
Мындан тышкары, ирандык аскерлер Иорданиядагы америкалык базадагы THAAD ракетадан коргонуу комплексинин радарын, Patriot абадан коргонуу системасын жана C-RAM радарын жок кылганын жарыялашты. Тегерандын ырастоосунда, соккулар ошондой эле күйүүчү май резервуарларына, тик учак жабдууларынын кампасына жана тик учактарды оңдоо жана техникалык тейлөө үчүн арналган ангарга тийген.
Америкалык техниканын жок кылынгандыгы жана аскер кызматкерлеринин жоготуулары тууралуу маалымат азырынча көз карандысыз тастыктала элек. АКШнын аскерлери Иран тарабынан жарыяланган зыяндын масштабын расмий түрдө ырастаган жок. Иорданиянын бийликтери абадан коргонуу күчтөрү жети ракетаны жана алты учкучсуз учакты тоскондорун билдирип, эч кандай жоготуулар жана материалдык зыян болбогонун билдиришти.
Өз кезегинде, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы Ирандын аймагына жасалган 13-түнкү сокку аяктаганын маалымдады.





