Бишкек шаарында коомдук тартипти бузгандыгы үчүн үч чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда шектүүлөрдүн коомдук тартипти бузган видеосу тараган. Анда алар коомдук жайда даарат ушатып, тамеки тартып, мас абалында жүргөнү көрсөтүлгөн.
Бул факт Биринчи май РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
2026-жылдын 22-июлунда Бишкек ШИИББдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет элдик жарандар:
- М.К., 1996-жылы туулган;
- Ч.Ш., 1984-жылы туулган;
- Д.ГУ., 1988-жылы туулган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, 2026-жылдын 21-июлунда аталган жарандар Логвиненко көчөсүндө болушкан. Имараттан чыккандан кийин чет элдик жарандардын бири турак үйдүн короосунда, коомдук жайда табигый муктаждыгын аткарган, ал эми аны коштогон эки жаран мас абалында болгон. Мындан тышкары, видеодо алардын бири коомдук жайда тамеки тарткандыгы дагы тартылган.
Шектүүлөр райондук ИИБге жеткирилип, аларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) жана 83-беренеси (тамеки буюмдарын белгиленбеген жерлерде чегүү) боюнча протоколдор түзүлдү.
Укук бузуучулар райондук бөлүмдүн убактылуу кармоочу камерасына жайгаштырылды. Материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн белгиленген тартипте жөнөтүлдү.



