Максат Жумабаевдин айтымында, шаардык коомдук транспорттун 95–96% үлүшүн муниципалдык ишкана камсыздайт. Жеке компаниялар да жүргүнчү ташыйт, бирок алардын үлүшү салыштырмалуу аз.
Бишкектин автобус паркы
Административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкектин аймагы кеңейген. Ошондуктан жаңы кошулган аймактарды коомдук транспорт менен камсыздоо үчүн кошумча автобустарды сатып алуу боюнча сунуштар даярдалып, тиешелүү иштер жүрүп жатат.
Жүргүнчүлөр үчүн төлөм системасы да өзгөргөн. Эми «Тулпар» картасын колдонгон жүргүнчүлөр бир сааттын ичинде башка автобуска акысыз которула алышат. Бул мүмкүнчүлүк шаардык транспорттогу төлөм системасынын аркасында киргизилген.
Төлөм системасынын киргизилиши бир автобустан экинчисине которулуу мүмкүнчүлүгүн берди. Мисалы, «Тулпар» картасын колдонгон жүргүнчүлөр бир сааттын ичинде башка автобуска акысыз өтүп, көздөгөн жерине жете алышат.
Накалай эмес төлөм айдоочулардын ишин жеңилдетип, адам факторунун таасирин азайткан. Себеби азыр айдоочулар жол кире акчасын чогултуу менен алектенбейт.


















