Мамлекеттик салык кызматы (МСК) акциздик товарларды мыйзамсыз өндүрүү жана жүгүртүүнү алдын алуу, ошондой эле мыйзам талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында текшерүү иштерин жүргүздү. Натыйжада Бишкек шаарынын Ленин районунда үй шартында алкоголдук продукция мыйзамсыз даярдалгандыгы аныкталды.
Алынган буюмдар
Салык кызматынын маалыматы боюнча, бардык табылган фактылар боюнча материалдар укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилет.
Салык кызматы өзгөчө ири өлчөмдө спирт жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүргөндүк үчүн Кылмыш-жаза кодексинде 50 миң сом айып пул же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын эскертет.
Ведомство жарандарды жана ишкерлерди акциздик товарларды мыйзамсыз даярдоого, сактоого жана сатууга жол бербөөгө чакырат.






















