Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн автобус айдоочулары менен жолугушуп, «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын жаңы директору Бактияр Болотбековду тааныштырды. Жолугушууда шаар башчысы жол эрежесин так сактоо жана жүргүнчүлөрдү ташууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи.
Акыркы убакта автобустар катышкан жол кырсыктары көбөйгөнүнө байланыштуу, мэр айдоочулардын ар бир бузуусу катталып, аларга административдик айып пул салынарын эскертти. Айып пулду айдоочулар өздөрү төлөшү керек.
Мэр ошондой эле муниципалитет жаңы автобустарды сатып алып жатканын, айдоочулардын маршруттарда бири-бирин кубалашына алып келген планды жокко чыгарганын жана накталай эмес төлөмдү киргизгенин белгиледи. Бул айдоочулардын акча кайтарууга алаксыбашы үчүн жасалды.
Анын тапшырмасы боюнча, эреже бузган автобустар айып короого жөнөтүлөт. Айып короонун кызматы үчүн чыгымдарды белгиленген тартипте күнөөлүү айдоочулар көтөрөт.
Мындан тышкары, автобустарга бирдиктүү WhatsApp номери жайгаштырылат. Жүргүнчүлөр ал номерге бузуулар тууралуу фото жана видео материалдарды жөнөтө алышат.
Ишкананын жаңы жетекчилигине чет өлкөлүк жарандарды айдоочу катары тартуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу тапшырылды.


























