Бишкек шаарында өткөн «Жаратман МУУН» келечектин кесиптери форумунда илим, жогорку билим жана инновациялар министри Гульзат Исаматова келечекте кайсы кесиптердин суроо-талабы жогору болору тууралуу маалымат берди. Министрдин айтымында, адистерди даярдоо багыттарынын тизмеси 2011-жылдан бери жаңыланбаган экен.}}{"type":"paragraph"},{
Тизмени кайра карап чыгууда жасалма интеллекттин өнүгүшү менен жок болуп кетүү коркунучу бар кесиптер эске алынган. Ошондой эле, өлкөдө кесиптер атласы иштелип чыкты.
Учурда студенттер медицина, педагогика, техникалык жана инженердик адистиктерди тандап жатышат. Бирок, министр өлкөнүн өнүгүүсүндөгү башка маанилүү тармактарга көңүл бурууну сунуштады.
Кандай тармактар артыкчылыктуу?
Гульзат Исаматова төмөнкү багыттардын өнүгүшүнө басым жасоо керектигин белгиледи:
- Гидроэнергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары
- Тоо кен иштетүү өнөр жайы
- Транспорттук инфраструктура
- Курулуш инженериясы жана шаар куруу
Кесип тандоодо Кыргызстандын 2030-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасында көрсөтүлгөн артыкчылыктуу багыттарды жетекчиликке алуу зарыл деп баса белгиледи министр.
Форумдун негизги максаты — жаштар, иш берүүчүлөр, бизнес өкүлдөрү жана мамлекеттик сектордун өкүлдөрү ортосунда түз диалогду түзүү. Бул келечектеги адистерге өз кесибин аныктоого жана эмгек рыногунда өз ордун табууга жардам берет.











