Бишкектин түштүк бөлүгүндө 900 окуучу үчүн орун камсыз кылган жаңы мектептин курулушу аяктап жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик комитети билдирди.

Азыркы учурда мектептин ичинде эмеректерди коюу, бөлмөлөрдү тазалоо жана сырткы спорттук аянтчаларды жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери ушул жылдын март айынан тартып башталган.

900окуучунун орду
7000чарчы метр аянты
5блок

Мектептин долбоору республикалык бюджеттин жана Туруктуулук фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланууда. Архитектуралык долбоорго ылайык, имарат беш блоктон турат жана анын ичинде үч кабаттуу окуу корпусу, акт зал, азык-түлүк кампасы менен камтылган тамаккана, китепкана жана заманбап спорттук зал бар.

Мындан тышкары, мектептин аймагында футбол, волейбол жана баскетбол оюндары үчүн ачык спорттук аянтчалар түзүлөт.