Бишкек шаарында жаңы мектептин курулушу Садыгалиева жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде ишке ашырылууда. Бул мектеп 1200 орунга ылайыкташтырылган.

Министрликтин маалыматы боюнча, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Мектеп заманбап долбоордо курулуп, окуучулар үчүн бардык шарттар эске алынган.

Жаңы мектепте лабораториялар, китепкана, ашкана, акт залы жана спорт залдары болот. Аталган имараттын дубалдары куруп, чатыр жабылып, ички иштери жүрүүдө.

Курулуш иштери быйыл март айында башталган. Азыркы учурда штукатур кылуу иштеринин аягына чыгуу алдында.

Мектеп ишке берилген соң, эки алкакта иштечү болуп, болжол менен 2500 окуучу билим ала алат.