Кыргызстанда микрокредит алуучулардын саны кескин өсүп жаткандыгы байкалууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи тогузуз айында микрокредиттик уюмдар тарабынан берилген насыялардын жалпы көлөмү 76 миллиард сомдон ашты.

Насыя алуучулардын саны 2 миллиондон ашык адамды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда үч эсе көп дегенди билдирет. Насыялардын жалпы көлөмү болсо 20,7%га өскөн. Мындай өсүштүн негизги себеби катары кыска мөөнөттүү онлайн-насыялардын өнүгүшү көрсөтүлүүдө.

Насыялардын колдонулушу

Берилген каражаттардын басымдуу бөлүгү керектөөчүлүк муктаждыктарын жабууга жумшалган. Мындан тышкары, айрым каражаттар өсүүчү тармактарга багытталган.

  • Керектөөчүлүк муктаждыктары — 61%
  • Айыл чарбасын өнүктүрүү — 15%
  • Соода жана коомдук тамактануу тармагы — 13%
  • Башка максаттар — 11%

Региондор боюнча бөлүштүрүү

Микрокредиттердин эң чоң бөлүгү төрт регионго туура келет. Бул аймактардын жалпы үлүшү 73%дан ашат.

Микрокредиттердин региондор боюнча үлүшү

Улуттук статистика комитети

Микрокредиттердин региондор боюнча үлүшү
Бишкек шаары33 %
Ош облусу15 %
Жалал-Абад облусу13 %
Чүй облусу12,5 %