Сары-Зоо аймагында жаңы мектептин курулуш иштери аягына чыкты. Бул объект заманбап талаптарга жооп берген жана окуучулардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзөт.
Мектептин курулушу ушул жылдын февраль айында башталган жана бүгүнкү күндө бардык монтаждоо иштери толугу менен бүткөн. Курулуш иштери курулуш министрлигинин көзөмөлү астында жүргүзүлүп, аткарылган иштердин сапаты текшерүүдөн өткөн.
Мектептин негизги көрсөткүчтөрү
Архитектуралык долбоорго ылайык, имарат беш блоктон жана үч кабаттан турат. Мектептин ичинде окуучулар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Анын ичинде предметтик кабинеттер, лаборатория, тамактануучу жай, китепкана, медициналык кабинет, компьютердик класс, эмгек кабинеттери, акт зал жана бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган спорт залы бар.
Электр энергиясын үнөмдөө жана үзгүлтүксүз менен камсыз кылуу максатында имаратка 662,6 кВт/ч кубаттуулуктагы күн панелдери орнотулган. Бул технология энергия керектөөсүн азайтууга мүмкүндүк берет.
Жакын арада жаңы мектепти пайдаланууга берүү пландалууда.











