Депутат Болот Сагынаев Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында Караколдогу туристтик объектилерди жашыл энергияга өткөрүү маселесин көтөрдү. Ал кышкы сезондо шаарга келген туристтердин саны көбөйүп, мейманканалар, конок үйлөрү жана башка туристтик жайлар электр энергиясын көп керектей баштаарын белгиледи.

Эгерде быйыл да былтыркыдай электр энергиясына чектөө киргизилсе, Караколдогу көйгөй курчуйт
Болот Сагынаев, Жогорку Кеңештин депутаты

Депутат чектөөлөр учурунда көчө жарыктары кыскарып, электр энергиясы үзгүлтүккө учураганда мейманканалардагы жылытуу системалары токтоп, суу менен камсыздоодо көйгөйлөр жараларын айтты. Мунун баары туристтерди кабыл алууга жана кызмат көрсөтүүнүн сапатына түздөн-түз таасир этет.

Сагынаев бул маселени бир нече жолу көтөргөнүн, бирок азырынча конкреттүү чечим чыга электигин эске салды. Ал тиешелүү мамлекеттик органдардан Караколдо жашыл энергетиканы өнүктүрүү боюнча кандай иштер аткарылганын, каржылоо механизмдери кандай каралганын жана мейманканалар менен туристтик объектилерди кайра жаралуучу булактарга, анын ичинде күн энергиясына өткөрүү иштери качан башталарын тактап берүүнү суранды.

Кышкы туристтик сезон күтүп турбайт
Болот Сагынаев, Жогорку Кеңештин депутаты