Бишкектеги «Оскон-Ордо» жашыл аймагында жаңы заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Министрликтин маалыматына ылайык, бул мектеп 750 окуучуга ылайыкталат.

Курулуш иштерине 2026-жылдын февраль айында старт берилген. Учурда имараттын бары толук бүткөрүлгөн жана ички бүтүрүү иштери менен инженердик туташтыруулар активдүү жүрүүдө.

Жаңы мектеп ишке киргизилген соң, аймактагы окуучулар орун жетпөө маселеси бир кыйла оңолот. Балдар заманбап, ыңгайлуу шарттарда билим алышат.