Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкектеги бир нече курулуш объектисин кыдырып чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Касымалиев адегенде мурдагы «Чатыр-Күл» кинотеатрынын ордуна курулуп жаткан маданий борбордун курулушу менен таанышты. Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт. Долбоор боюнча алты кинотеатр, 400 орундуу концерттик зал, музыкалык жана театрдык класстар, чогулуш залы, фуд-корт жана көп функционалдуу бөлмөлөр каралган. Ошондой эле эки деңгээлдүү жер астындагы парковка куруу пландаштырылган.

Учурда имаратта ички жасалгалоо иштери, айланасын көрктөндүрүү жана парковка куруу иштери жүрүп жатат. Долбоорду жыл аягына чейин бүтүрүү күтүлүүдө.

Андан соң өкмөт башчысы Бишкектин Чыгыш айланма унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоорго ылайык, жолдун узундугу 16,2 чакырымды түзөт. Ал төрт тилкелүү болуп, жүрүү бөлүгүнүн туурасы 14 метр, жол жээги 2,5 метр болот. Долбоор ири инженердик курулуштарды, татаал жол айрыктарын жана көпүрөлөрдү курууну да камтыйт.

Жооптуу мамлекеттик органдар жана подряддык уюмдар курулуш иштеринин тийиштүү сапатын, курулуш нормаларын жана стандарттарын так сактоону камсыздап, долбоорлорду белгиленген мөөнөттө аяктоо үчүн зарыл чараларды көрүшү керек.
Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин төрагасы

Текшерүүнүн жыйынтыгында Адылбек Касымалиев жооптуу органдарга курулуш иштеринин сапатын камсыздоону жана долбоорлорду өз убагында аяктоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.