Бишкек шаарында транспорт тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанатта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жол куруудагы ийгиликтерди атап өттү.
Мамлекеттик бюджеттин кирешесинин өсүшү менен инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылууда. Мурда жол курууга жыл сайын болжол менен 2 млрд сом бөлүнсө, акыркы жылдары бул көрсөткүч 60 млрд сомго жетти.
Касымалиев белгилегендей, жол куруудагы көлөм да бир топ өскөн. 2021-жылы 175 чакырым жолго асфальт төшөлгөн болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 1 545 чакырымга жеткен. Бул жылы болжол менен 1 700 чакырым жол куруу пландалып жатат.
Жол куруунун көрсөткүчтөрү
Өлкөнү аймактын транспорттук-логистикалык түйүнүнө айландыруу максатында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылып жатат.
Иш-чаранын аягында төрага бардык жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлерге Министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын тапшырды.



















