Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, коомдук транспорттун ишин оптималдаштыруу алкагында №37 автобусунун кыймыл схемасы өзгөртүлдү. Бул өзгөртүү «Биримдик Кут» конушунун тургундарынын кайрылууларын эске алуу менен жасалды.
2026-жылдын 31-октябрынан тарта №37 автобус жаңы схема боюнча каттай баштайт. Ал «Биримдик Кут» конушун Курманжан Датка көчөсү менен байланыштырат.
Өзгөртүүлөр коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, аталган райондордун ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртууга жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Борбор калаанын коомдук транспортунун маршруттук тармагын өркүндөтүү иштери шаар тургундарынын кайрылууларын жана сунуштарын эске алуу менен уланууда.























