Концерт 29-октябрда Эркиндик бульварынын жогорку бөлүгүндө өтүп, артисттер көрүүчүлөргө музыкалык чыгармаларды жана чыгармачылык номерлерди тартуулашты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Концерттик программа фестивалдын алкагында уюштурулган маданий иш-чаралардын бири болуп саналат.

XIV Республикалык театр фестивалы кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Кулуйпы Кондучалованын элесине арналган.