Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо максатында «Урааным Манас» долбоору өттү. Иш-чара 2026-жылдын 30-октябрында уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, ошондой эле К. Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун курсанттары катышты.
Долбоордун алкагында Кыргыз улуттук «Манас» театрынын өнөрпоздору концерттик программа тартуулашты. Төкмө акындар Акматбек Султан уулу, Нурайым Бактияр кызы, дастанчылар Иманбек Жээнбеков, Гулина Калыгулова жана театрдын манасчылары Манас эпосунан үзүндүлөрдү, төкмө ырларды жана дастандарды аткарышты.
Иш-чаранын негизги максаты — улуу «Манас» эпосу аркылуу жаш муундун мекенчилдик сезимин ойготуу, улуттук аң-сезимди бекемдөө жана ата-бабалардан калган руханий мурасты жайылтуу.
Иш-чаранын соңунда «Урааным Манас» долбоорунун эстафетасы И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырылды.

























