29-октябрда Акыйкатчы институтунда Кыргызстан эли Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы Медер Рахман жана этностук бирикмелердин жетекчилери менен биринчи жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.
Акыйкатчы Джамиляя Жаманбаева өз сөзүндө институт ассамблеянын адам укуктарын коргоо, теңдикти камсыз кылуу жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө маселелери боюнча ачык диалогго даярдыгын жогору баалаарын белгиледи.
Омбудсмен натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн этностук бирикмелердин өкүлдөрүнүн өздөрүн угуу, алардын муктаждыктарын жана сунуштарын билүү маанилүү экенин белгиледи.
Кыргызстан эли Ассамблеясынын төрагасы Медер Рахман этностук бирикмелердин өкүлдөрү акыйкатчы менен биринчи жолу жолугуп жатканын белгиледи. Ал Жамиля Жаманбаевага ачык диалог үчүн ушундай аянтча уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташууга даяр экенин айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ар кайсы этностук бирикмелердин өкүлдөрү улуттар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча сунуштарын айтышты.






























