Бишкекте 26-октябрда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында XIV Республикалык театр фестивалы ачылды. Иш-чара кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына жана КР Баатыры, Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалованын элесине арналды.

Ачылыш аземине Улуттук академиялык драма театрынын, облустук, райондук жана шаардык театрлардын, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Ош жана Жалал-Абад облустук филармонияларынын, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын, ошондой эле театр окуу жайларынын өкүлдөрү кызыл килемдин үстүнөн өтүштү.

Андан соң көрүүчүлөргө кыргыз театрынын калыптануу тарыхы тууралуу театралдык коюу тартууланды. LED-экрандарда ар кайсы жылдардагы спектаклдердин архивдик сүрөттөрү жана видеотасмалары көрсөтүлүп, актерлор сахнада өткөн жана азыркы жылдардагы чыгармалардан үзүндүлөрдү аткарышты.

Расмий бөлүктө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Улан Маматканов кыргыз театрынын кылымдык тарыхына токтолуп, элдин руханий байлыгын арттыруудагы жана муундарды тарбиялоодогу өзгөчө ролун белгиледи.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматы боюнча, фестиваль 30-октябрга чейин уланат. Ага эксперттик комиссия тандап алган Кыргызстандын 10 театры катышат.

Фестивалдын алкагында «Эргүү» эл аралык сынагынын — Улуттук театр сыйлыгынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр жарыяланды.

28-октябрда Эркиндик бульварында Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын концерттик программасы өттү. Актерлор улуттук театр искусствосунун байлыгын жана өзгөчөлүгүн көрсөтүштү. Бул иш-чара кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына арналган мааракелердин бири болду.

Бул жылы кыргыз профессионал театры түзүлгөнүнө 100 жыл толот. Мааракелик иш-чаралар улуттук сахна искусствосунун тарыхына жана өлкөнүн театр жамааттарынын чыгармачылыгына көңүл бурууга багытталган.