Минкультурадан билдиришкендей, фестиваль 26-октябрдан 30-октябрга чейин уланып, Күлөйпа Кондучалаеванын элесине арналган.
Спектаклдердин графиги
- 27-октябрь
№57 балдар бакчасында «Ишенимдүү дос» спектакли көрсөтүлдү.
- 28-октябрь
№91 атайын балдар бакчасында «Көңүлдүү достор», ал эми «РАСтишка» коррекциялык бакчасында «Күн нуру» спектакли коюлду.
- 29-октябрь
№167 балдар бакчасында «Көңүлдүү светофор» көрсөтүлдү.
Бул демилге балдардын театр искусствосуна болгон кызыгуусун арттырууга, чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө жана ар бир бала үчүн искусствонун жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган.
Фестиваль кыргыз театр искусствосунун бай мурасын жайылтууга жана аны келечек муундарга өткөрүп берүүгө өбөлгө түзөт.
















