Улуттук банктын маалыматы боюнча, текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузган алты коммерциялык банк аныкталган.
Айып пулдардын өлчөмү
Төрт банкка ар бирине 65 миң сомдон, калган эки банкка 55 миң сомдон айып пул салынган. Жалпы сумма 370 миң сомду түздү.
Айып пулдар керектөөчүлүк кредиттөө жана сүткорлук ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн колдонулду. Улуттук банк каржы секторундагы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө ишин улантат.


















