Аппаз Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театры октябрь айына даярдаган иш-чараларын сунуштады. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Театрдын октябрь айындагы репертуарына Бишкекте өтө турган XIV республикалык театр фестивалына даярдык киргизилген. Фестиваль кыргыз профессионал театрынын калыптанышынын 100 жылдыгына жана КР Баатыры, маданият ишмери Күлүйпа Кондучалованын жаркын элесине арналат.

Мындан тышкары, театрдын эмгек сиңирген артисти Мансур Парпиевдин 70 жылдык юбилейине арналган театр жумалыгы пландаштырылган.

28-сентябрда театр жаңы театр сезонун ачкан. Ачылыштын алкагында көрүүчүлөргө театрлаштырылган концерт жана Мар Байжиевдин «Төрт адам» чыгармасы боюнча жаңы спектакль тартууланган.

Октябрь айына театрдын репертуары

  • 15-октябрь, 16:00 — Мар Байжиевдин «Кыз-күйөө» драмасы;
  • 18-октябрь, 16:00 — Бексултан Жакиевдин «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» драмасы;
  • 20-октябрь, 16:00 — Чынар Калыбекованын «Өксүгү күчтүү өмүр» жомогу;
  • 21-октябрь, 16:00 — «Төрт адам» драмасы;
  • 22-октябрь, 16:00 — Мансур Парпиевдин 70 жылдыгына арналган театрлаштырылган концерт.
Баткен облустук драма театры репертуарын октябрь айына жарыялады, ага Бишкекте өтө турган XIV республикалык театр фестивалына даярдык киргизилген.
Маданият министрлигинин басма сөз кызматы