Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, Токтогул Сатылганов атындагы адабий музейде улуу акын, кыргыз оозеки поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнө арналган маданий-адабий иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага №11 мектептин 5-классынын окуучулары, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери жана №95 лицейдин 2-курсунун студенттери катышты.

Ардактуу коноктор катары Кыргыз Республикасынын эл акыны Карбалас Бакиров, жаш акын Жуса Касиетов, санжырачы Каныбек Казыбеков жана Токтогул Сатылгановдун келини Жамиля Токтогулова келишти.

Коноктор акындын өмүрү жана чыгармачылыгы, анын кыргыз элинин руханий маданиятындагы орду тууралуу ой бөлүшүп, жаштарга насаат айтышты.

Майрамдык программанын жүрүшүндө катышуучулар «Манас» эпосун аткарып, Токтогул Сатылгановдун ырларын көркөм окуп, комузда музыкалык чыгармаларды тартуулашты. Окуучулар жана студенттер өз таланттарын көрсөтүп, көрүүчүлөргө жаркын эмоцияларды белектеп, кыргыз элинин бай руханий мурасын даңазалашты.

Иш-чаранын соңунда активдүү катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, грамоталар тапшырылды.

Мындай маданий иш-чаралар улуу акындардын мурасын сактоого, жаш муундарда улуттук баалуулуктарга урматтоону, мекенчилдикти жана руханий маданиятты тарбиялоого олуттуу салым кошот.

Иш-чаранын негизги максаты – акындын бай адабий мурасын жайылтуу, улуттук маданиятты сактоо жана жаш муундун кызыгуусун арттыруу.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы