Финансы министрлиги 2026-жылга такталган республикалык бюджеттин долбоорунда Башкы прокуратурага 26,5 млн сом бөлүүнү карады. Бул тууралуу министрлик 30-октябрда такталган республикалык бюджеттин долбооруна карата түшүндүрмө катында билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, каражат айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адистештирилген прокуратураны түзүүгө багытталат. Буга 2026-жылдын 29-апрелиндеги Министрлер кабинетинин № 308-р тескемеси жана 2026-жылдын 19-майындагы Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин чечими негиз болду.

Документтен

Министрлик айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адистештирилген прокуратураны түзүү максатында каражат бөлүнгөнүн түшүндүрдү.
Финансы министрлигинин түшүндүрмө катынан

Аймактык экологиялык прокуратуралар катталды

Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын реестрине ылайык, май айынын аягында Башкы прокуратура эки туунду юридикалык жакты каттады. 2026-жылдын 25-майында «Ош экологиялык прокуратурасы» мекемеси, ал эми 26-майында «Бишкек экологиялык прокуратурасы» мекемеси катталган.

Ош экологиялык прокуратурасынын жетекчиси болуп Чолпонбай Абдылдаев, ал эми Бишкек экологиялык прокуратурасынын жетекчиси болуп Кубанычбек Нуруллаев дайындалды.

Экологиялык прокуратуралар

2туунду юридикалык жак
26,5млн сом бөлүнгөн каражат