Бишкекте Юнусалиев көчөсүндө кызга кол салуу видеосу тарагандан кийин милиция эки кишини таап, кармады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда укук коргоо кызматкерлери видеожазууну таап алышкан. Анда бир киши кызга карата мыйзамсыз аракеттерди жасап, андан кийин экинчи киши аны унаага салып, окуя болгон жерден алып кеткени көрүнүп турат.

Бул факты Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1990-жылы туулган А.Х. менен 1991-жылы туулган Б.У. аттуу жарандарды аныктап, райондук башкармалыкка алып келишкен. Экөөнө тең «Майда бейбаштык» беренеси боюнча укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси менен протоколдор түзүлүп, алар Октябрь РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин окуя 26-июлда таңкы саат 06:00 чамасында Юнусалиев көчөсүндө болгону айтылган. Жабырлануучунун айтымында, ал жумуштан үйүнө кайтып келе жатканда, ич кийимчен белгисиз киши артынан келип кол салып, асфальтка жыгытып, бир нече убакыт турууга мүмкүнчүлүк берген эмес.

Кыз кол салган киши өзүн туура эмес алып жүргөнүн айткан. Ал жигит баңгизаттын таасири астында болушу мүмкүн деп божомолдогон, бирок буга расмий ырастоо болгон эмес.

Бир аздан кийин ал киши кызды коё берип, бир тарапка чуркап барып жыгылган. Андан соң, жабырлануучунун айтымында, аны Кытайдын мамлекеттик номерлери бар унаа келип алып кеткен.

Кол салуунун натыйжасында кыз денесинен көк ала тактарды жана гематомаларды алган.