15-август күнү болжол менен саат 16:00дө Бишкекте Чүй проспектисинде жол кырсыгы катталды. Mercedes-Benz автоунаасы Гоголь көчөсүнүн кесилишинде Honda CR-V менен кагышкан.

Кагылышуудан кийин Mercedes-Benz унаасы жолдон чыгып, тротуарга чыгып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн.

Жабырлануучулардын арасында үч жөө жүргүнчү жана Mercedes-Benzнин ичинде болгон айдоочу менен жүргүнчү бар.

Учурда окуянын так себептери аныкталып жатат, зарыл соттук-техникалык экспертизалар дайындалды.

Окуя болгон жерде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана УПСМнин кызматкерлери иш алып барышууда.