«16 күндүк активдүү аракет» эл аралык кампаниясына даярдык катары «Зомбулуксуз дүйнө — коопсуз келечек» аттуу программа ишке ашырылды. Иш-чарага шаардык бийлик өкүлдөрү, билим берүү тармагынын кызматкерлери жана коомдук ишмерлер катышты.
Айнура Арстамбекова, Жыргал Абдыжапарова жана Бишкек мэриясынын алдындагы Психологиялык борбордун психологу сыяктуу адистер окуучуларга коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү жана зомбулукка чыдамсыздыкты тарбиялоо боюнча маалымат беришти.
Программанын алкагында окуучуларды кызыктыруу үчүн ар кандай чыгармачылык иштер жасалды. Атап айтканда, «Багыт» театрынын режиссёру мектеп педагогдары менен биргеликте театрлаштырылган постановка сунуштады. Ошондой эле райондун Балдар чыгармачылык борбору концерттик программаны көрсөттү.
Мэриянын маалыматы боюнча, мектептерде зомбулук менен күрөшүү жана буллингдин алдын алуу иштери туруктуу негизде улантылып турат.








