Жалал-Абад облусундагы Президенттин ыкчам өкүлү Тилек Текебаев менен калктын онлайн жолугушуусунда Жазы-Кечуу айылынын тургуну Акылбек Тазов жол коопсуздугу жана айылдагы жарыктандыруу маселесин көтөрдү.
Тургунунун айтымында, Бишкек-Ош трассасынын 381-километриндеги курч бурулушта унаалар жолдон чыгып, үйлөрдүн босогосуна чейин кирип кетиши мүмкүн. Бул жерде жол белгилерин коюу же парапет орнотуу зарыл экенин белгиледи.
Ал жерде олуттуу бурулуш бар, ошондуктан жол кырсыктары көп болуп жатат. Жылына 10ден ашык адам каза болот. Шаардык мэрия, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмү жана жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмү бул маселени жакшы билишет. Бул маселени чечүүңүздөрдү суранам. Ал жерге парапет же жол белгисин коюу керек. Менин үйүм жолдун боюнда жайгашкан, унаалар түздөн-түз үйүмдүн босогосуна чейин кирип кетишет.
Мындан тышкары, айылдагы көчө жарыктандыруу иштери токтоп калганы айтылды. Жарыктандыруунун акыркы 10 тилкеси гана орнотулуп, иштер токтоп калган. Бул жагдай айылдын балдарынын мектепке жана дүкөнгө күнү-түнү коопсуз баруусуна тоскоол болуп жатат.
Президенттин ыкчам өкүлү Тилек Текебаев жол коопсуздугу боюнча маселени Жалал-Абад облусунун ИИМдин Жол кыймылын башкаруу бөлүмүнө (УОБДД) тактап, тиешелүү чараларды көрүү боюнча тапшырма берди.
Ал эми жарыктандыруу маселеси боюнча шаар мэриси иштер бир айдын ичинде бүтүрүлөрүн билдирди. Текебаев бул мөөнөт аяктагандан кийин жыйынтыгын күтөөрүн айтты.













