Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, Свердлов районундагы бардык мектептерде бекитилген графикке ылайык ата-энелер коомчулугу жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.
Жолугушууларга район акимиятынын башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова, райондук ички иштер башкармалыгынын, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, милициянын патрулдук кызматы башкармалыгынын, Билим берүү борборунун жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү катышууда.
Негизги багыт — балдардын коопсуздугу
Негизги көңүл өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын, мектеп чөйрөсүндөгү бейбаштыктын (буллинг), зордук-зомбулуктун жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алууга бурулду. Ошондой эле балдардын коопсуздугун камсыздоо, ата-энелердин өспүрүмдөрдү тарбиялоодогу жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын коопсуз эс алуусун уюштуруу маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар бекитилген графикке ылайык Свердлов районунун бардык мектептеринде улантылат.

















