Кыргызстанда камсыздандыруу маданиятын өнүктүрүү жана калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында Бишкек шаарында атайын жыйын болуп өттү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2026-жылдын 17-февралындагы №16-1565 тапшырмасына ылайык, МКУнун Бишкек шаарынын мэриясы менен биргелешкен демилгеси боюнча уюштурулду.

Жыйында камсыздандыруу системасын өнүктүрүү жана жарандардын бул кызматтар боюнча билимин жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри тарабынан райондук акимдерге камсыздандыруу жааты боюнча калкка түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.