25-ноябрдан тарта Манас шаарында зомбулукка каршы эл аралык кампаниянын алгачкы иш-чаралары өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты — коомчулуктун көңүлүн үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулук маселесине буруу, калктын аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо зарылчылыгы жөнүндө маалыматтуулугун жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле мамлекеттик органдар менен коомчулуктун зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу боюнча биргелешкен аракеттерин чыңдоо каралган.

Талкуулардын жүрүшүндө үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун алдын алуу, аялдарга жана кыздарга карата санариптик зомбулук, интернеттеги коркунучтар жана укукка каршы аракеттер үчүн жоопкерчилик маселелери каралды.

Кампаниянын алкагында «Биз зомбулукка каршыбыз!» аттуу тематикалык флешмоб өткөрүлүп, Барпы атындагы театр чектешкен аймакка жүрүш уюштурулду. Ал жерде зомбулуктун кесепеттерин көрсөтүү максатында «Кыйылган өмүр» аттуу социалдык спектакль коюлду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Аида Исатбек кызы Кыргызстанда бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу доклад менен чыкты.