Иш-чарага шаардык мэриянын өкүлдөрү, шаардын прокурору Ильичбек Исмамбетов, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурбек Толонов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлназира Кыргызбай кызы, мектеп директорлору, окуучулар жана ата-энелер катышты.
Мектеп окуучулары коомдогу укук бузууларды, өспүрүмдөр арасындагы буллингди жана башка терс көрүнүштөрдү чагылдырган спектаклдерди сунушташты. Бул постановкалар бүгүнкү күндүн актуалдуу көйгөйлөрүн көтөрүп, жаштарды туура тарбиялоого багытталган.
Мектептердин көрсөткөн темалары
- №1 Токтогул атындагы жалпы билим берүүчү мектеп — «Оңой акчанын кесепети»
- №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык мектеп — «Миграцияда жүргөн аялдын көзөмөлсүз калган кызынын тагдыры»
- №3 Фрунзе атындагы жалпы билим берүүчү мектеп — «Бир кадам — бир тагдыр»
- №4 Шопоков атындагы жалпы билим берүүчү мектеп — «Кылмыштуулук — коомго кайтып келген бумеранг»
- №5 Хуриев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп — «Бир кадам — бүтүндөй бир өмүр»
- №6 Тураалы Темиров атындагы жалпы билим берүүчү мектеп — «Туура жолду танда»
- №89 кесиптик лицейи — «Биз кылмыштуулукка каршыбыз»
Окуучулардын даярдаган постановкалары көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө тийди. Кээ бир жарандар балдардын актердук чеберчилигине жана сахна аркылуу берилген тарбиялык мааниге абдан таасирленип, көздөрүнө жаштын келгени байкалды.





















